Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-июлу № 38
“Кредиттерди жылдыруу”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы Машланова Э.М “ Республикалык бюджеттен 2025-жылдын сентябрь айынан баштап 2025-жылдын декабрь айына чейин электр энергиясын төлөп берүүгө мүнкүнчүлүгү жок болгодугуна байланыштуу административдик имараттар, мектеп, бала - бакча, көчөлөрдү жарыктандырууга 2 258 600 сом акча каражатын бөлүмдөргө бөлүп жылдыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жергиликтүү бюджеттен 2 258 600 ( эки миллион эки жүз элүү сегиз миң 600 сом) акча каражаты электр энергия төлөмдөрүнө № 1 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |