Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 6-февралы № 15

 

“Турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү”

 

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23 –июль № 136 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу, 2025-2027-жылдарга салыктык мезгилде колдонулуучу турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү тууралуу маалыматты  талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34  - беренесине ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн  2025-2027 –жылдары  салыктык мезгилде колдонууга турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкалары 1 кв.м. 15 сом белгиленсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек  юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев