Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 22
“Орто-Кайыңды айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чектерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле административдик - аймактык түзүлүштөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Орто-Кайыңды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайынды айыл аймагынын участкалык № 7369, № 7370, № 7371, № 7372, № 7373, № 7374 шайлоо комиссияларынын схемалары жана чек аралары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин токтому жана бекитилген № 1 тиркеме Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Джуматаева Д.М. жүктөлөт.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |