Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 23
“Атайын техниканын кызматына тариф бекитүү”
“Демилге “муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдыраева А.О. муниципалдык ишканага тиешелүү эксковатор – бульдозер тракторунун кызматы үчүн бааларды бекитип берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 21-май айындагы чыгыш № 76 кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып , Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын негизинде Орто- Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Демилге” муниципалдык ишканасына тиешелүү Беларус -82.1 экскаватор – бульдозер Амкодор 702 Ев тракторунун кызматына акы төлөмү аймактын калкына жана башка субьектилерге 2025-жылдын 1 – апрель айынан тартып 1 саатына 2000 сом бекитилсин :
2.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Демилге” муницпалдык ишканасынын жетекчиси Абдыраева А.О жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |