Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 24
Орто - Кайыңды айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасынын жана
жергиликтүү бюджеттин киреше , чыгаша бөлүгүнүн
2025-жылдын I- жарым жылдыгына аткарылышы
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М “Айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттин киреше , чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын I – жарым жылдыгына аткарылышы” боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын I – жарым жылдыгына аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Орто-Кайыңды айыл өкмөтү “Демилге” муниципалдык ишканасына калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана калктуу конуштарда санитардык абалды жакшыртуу милдеттерин өткөрүп берүү иштери 2025-жылдын 15-сентябрына чейин аяктасын.
3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |