Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 токтомуна) |
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыккан жана республикалык бюджетти түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү процессинин бирдиктүү эрежелерин, ошондой эле бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартибин аныктайт.
2. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө укугу болуп саналат.
3. Республикалык бюджеттин долбоорун түздөн-түз түзүүнү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) автоматташтырылган система - казыналык системада кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү боюнча маалыматтарды генерациялоону, иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү, кабыл алууну, сактоону жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын комплекси;
2) БКБТ - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү;
3) контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, анын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашалары түзүлөт;
4) БКА - бюджеттик каражаттарды алуучу;
5) БКТ - бюджеттик каражаттарды тескөөчү;
6) бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын сметасы (мындан ары - бюджеттик каражаттар боюнча смета) - бюджеттик эсептердеги каражаттар боюнча БКБТ/БКТ/БКА иштешине жана жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга алардын чыгашаларын аныктоочу документ;
7) атайын эсептердеги каражаттарды эсепке алуу боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасы (мындан ары -атайын эсептердеги каражаттар боюнча смета) - атайын эсептердеги каражаттар боюнча БКБТ/БКТ/БКА иштешине жана жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга алардын чыгашаларын аныктоочу документ;
8) квалификациялуу санариптик кол тамга (СК) - санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу санариптик кол тамганын талаптарына ылайык келген санариптик кол тамга.
2-глава. Бюджеттик процесстин негиздери
5. Республикалык бюджеттин долбоору (мындан ары - республикалык бюджеттин долбоору) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге түзүлөт.
6. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясаты боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилген орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарынын (мындан ары - ФСНБ) негизинде иштелип чыгат.
7. Республикалык бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мекемелерден, ишканалардан, чарбалык уюмдардан жана башка бюджеттик ассигнованиелерди алуучулардан зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
3-глава. Республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТ/БКТ/БКА бюджеттеринин долбоорлорун түзүү тартиби
8. ФСНБда көрсөтүлгөн чыгашалардын ведомстволук классификациясы боюнча контролдук цифралар БКБТ/БКТ/БКА бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн негиз болуп саналат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук цифраларды БКБТга жеткирет. БКБТ кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттик каражаттар боюнча сметаларды түзүү үчүн аларды БКТ жана БКАга өз убагында жеткирүүнү камсыз кылат.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери автоматташтырылган системага чыгашалардын ведомстволук классификациясы боюнча контролдук цифраларды БКБТга жеткиргенден кийин киргизет.
11. БКБТ бюджеттик каражаттар боюнча сметаларды түзүүдө жеткирилген контролдук цифраларды бөлүштүрөт.
12. Бюджеттик каражаттар боюнча сметалар жана атайын эсептердеги каражаттар боюнча сметалар автоматташтырылган системада ушул Тартиптин 1-4-тиркемелерине ылайык кирешелердин, чыгашалардын экономикалык классификациясы, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы боюнча ведомстволук, программалык, функциялык классификация боюнча ар бир БКБТ/БКТ/БКА тарабынан учурдагы жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө түзүлөт.
13. БКБТ/БКТ/БКА чыгашалардын экономикалык классификациясы, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы боюнча ведомстволук, программалык, функциялык классификация боюнча жеткирилген контролдук цифраларды бөлүштүрүү аркылуу автоматташтырылган системада бюджеттик каражаттар боюнча сметаларды түзөт.
14. БКБТ/БКТ/БКА автоматташтырылган системада атайын эсептердеги каражаттар боюнча сметаларды түзөт.
15. Бюджеттик каражаттар боюнча сметаларга жана атайын эсептердеги каражаттар боюнча сметаларга БКБТнын ыйгарым укуктуу кызматкери жана жетекчиси тарабынан автоматташтырылган системада СКны пайдалануу менен виза коюлат жана автоматташтырылган система аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирилет.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери бюджеттик каражаттар боюнча БКБТ тарабынан берилген сметаларды кароо процессинде:
1) бюджеттик каражаттар боюнча сметаларга киргизилген чыгашалардын суммаларынын БКБТнын болжолдуу параметрлерине ылайык келишин жана алардын негиздүүлүгүн текшерет;
2) эмгек акы төлөө фондунун өлчөмдөрүн түзүүнүн жана материалдык жана акчалай чыгашалардын ченемдерин жана бааларын эсептөөдө колдонуунун тууралыгын текшерет;
3) чыгашалардын зарылдыгын баалайт, бюджеттик өтүнмөлөргө негизделген эсептөөлөрдүн болушун текшерет.
17. БКБТ/БКТ/БКА боюнча бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүн азайтуу, бюджеттин ресурстарынын көлөмдөрүн көбөйтүү жагына өзгөртүү, ошондой эле бюджеттин ресурстарынын болжолдонгон көлөмдөрү кыскарган учурдагы өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 89-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
18. Бюджеттик каражаттар боюнча сметаларга жана бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүүгө карата сын пикирлер жок болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аларды СКны пайдалануу менен автоматташтырылган системага виза коюу аркылуу кабыл алат.
19. Бюджеттик каражаттар боюнча сметаларга сын пикирлер болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери сын пикирлерди четтетүү үчүн аларды автоматташтырылган система аркылуу БКБТга кайтарып берет.
20. БКБТ бюджеттик каражаттар боюнча сметаны кайтарып берген күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген сын пикирлерге ылайык аларга оңдоолорду киргизет жана аларды автоматташтырылган системада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна кайра берет.
21. БКБТ бюджеттик каражаттар боюнча сметаларды карагандан жана тактагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган учурдагы бюджеттик жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун (мындан ары - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору) түзөт.
22. Кароо процессинде сметаларга тактоолор, ошондой эле БКБТ тарабынан берилген башка документтер киргизилиши мүмкүн.
23. Бюджеттик мекемелер бюджеттик каражаттарды чыгашалардын сметасында каралган каражаттардын көлөмүнө жана максаттуу багытына так ылайык чыгымдоону камсыз кылууга милдеттүү. Бюджеттик каражаттарды чыгашалардын сметасында каралбаган иш-чараларга жумшоого тыюу салынат.
24. БКБТ ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык эмгек акы фондунун жылдык көлөмүн аныктоо менен мекемелердин штаттык расписаниелерин, ошондой эле экономикалык классификация боюнча башка эсептөөлөрдү берет, зарыл болгон учурда ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык эмгек акы төлөө фондунун жылдык көлөмүн эске алуу менен штаттык расписаниелердин жыйынды көлөмү түзүлөт.
Социалдык чөйрөнүн бюджеттик мекемелери боюнча БКБТ тиешелүү чөйрөдө эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык бардык төлөөлөрдү жана кошумча төлөмдөрдү чагылдыруу менен штаттык расписаниелерди жана тарифтик тизмелерди берет.
25. БКБТ/БКТ/БКА ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 7-9-тиркемелерине ылайык форма боюнча бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин саны жөнүндө маалыматтарды берет.
26. БКБТ бюджеттик мыйзамдарга ылайык бекитилген нускамалык материалдарга ылайык программалык негизде бюджеттерди түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.