Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 25
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Машланова Э.М “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 6-айынын эсеби менен киреше бөлүгүнүн такталган планы 1533,9 м.с. азайгандыгына байланыштуу”, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн 1533,9 м.с. азайтып берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айынын эсеби менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн такталган планы 1533,9 м.с. азайтылып бекитилсин анын ичинен киреше салыгы - 250,0 м. с., айыл чарба багытындагы жер салыгы - 824,5 м.с., транспорт салыгы – 459,4 м.с.
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эмгек акы беренесинен - 250,0 м.с., башка курулуштарды сатып алуу жана куруу беренесинен - 635,0 м.с., башка курулуштарды сатып алуу жана куруу беренесинен - 628,9 м.с. азайтуу менен бекитилсин.
3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4 . Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жана бюджет маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |