Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 26
Кум-Арык айылындагы эски маданият үйүнүн имаратын бузуу жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э.” Кум-Арык айылындагы маданият үйүнүн жараксыз имаратын бузуу жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура,курулуш жана турак жай – комуналдык чарба мамлекеттик Агенттиги, жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан имараттын абалы пайдаланууга жараксыз деген 2021-жылдын 30-сентябрындагы корутундусуна ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Кайыңды айыл аймагынын Кум-Арык айылындагы Аскарбек № 39 дарегинде жайгашкан маданият үйүнүн имаратын бузууга макулдук берилсин.
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтү маданият үйүнүн имаратын бузуу иштерин белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |