Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 27
“Солнышко” бала-бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мүлкккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6- беренесине ылайык жана Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 14-мекемесинин “Солнышко” бала-бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 14-мекемесинин “ Солнышко” бала-бакчасынын имаратын Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтү «Солнышко» балдар - бакчасынын имаратын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу иштерин жүргүзсүн.
3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |