Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 28
Аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси Досмамбетов Э.Д аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Вознесеновка айылынын Центральный көчөсүнүн 82/3 дарегинен 0,04 га жер тилкеси аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын курууга бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |