Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 29
Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагынын Орто-Кайыңды айыл өкмөтү мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “ Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Орто-Кайыңды айыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагынын Орто-Кайыңды айыл өкмөтү мекемесинин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Толук фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: «Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагынын Орто-Кайыңды айыл өкмөтү» мекемеси.
- расмий тилде :Учреждение Орто-Кайынды айыл окмоту Орто-Кайынды айылного аймака Панфиловского района Чуйской области”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл өкмөтү”м-е
-расмий тилде: У-е ” Орто-Кайында айыл окмоту Панфиловского района”
3.Дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу Панфилов району, Вознесеновка айылы, Центральный көчөсү № 82/2.
4.“Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайынды айыл аймагынын Орто-Кайыңды айыл өкмөтү” мекемесинин Уставы Чүй –Бишкек юстиция башкармалыгында мыйзамдуу тартипте кайра каттодон өткөрүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. жүктөлсүн.
6.Ушуну менен анда көрсөтүлгөн маалыматтар,ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документерде камтылган маалыматтар анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы тастыкталат.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |