Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-августу № 30
Айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингге кызматтык автоунаа “Шевроле – Треккер” алуу жөнүндө маалыматын угуп, Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лиизнгге кызматтык автоунаа «Шевроле -Треккер» сатып алууга макулдук берилсин.
2. Лизингге алынган кызматтык автоунаа лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автоунаага өз эсебинен башка чыгашаларга акча каражаты каралсын .
3.Кызматтык автоунаа төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчсысы Баязова Ж.Э. жүктөлсүн.
5.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жана бюджет маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мырзагелдиев |