Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
2026-жылдын 09-февралы, № 16/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орусча аталыштагы айылдарын өзгөртүп атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине таянып, Биринчи Май, Осоавиахим, Ленин-Жол жана Коммунизм айылдарында болуп өткөн элдик жыйындардын айылдын аттарын тарыхый аттары менен атоо жөнүндөгү протоколдорун жана айыл башчылардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагындагы Биринчи Май, Осоавиахим, Ленин-Жол жана Коммунизм айылдарынын жашоочуларынын элдик жыйындарынын протоколдору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине таянып, жогорудагы айылдарда өткөн элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде айылдардын аталыштары төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
- Осоавиахим айылы – Үсөн-Кыштоо айылы ,
- Биринчи Май айылы- Ак-Талаа айылы ,
- Ленин-Жол айылын –Ак-Терек айылы ,
- Коммунизм айылын –Сарыке айылы.
3. Айылдардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү иш кагаздарын даярдоо жана аларды тиешелүү жогорку органдарга жиберүү жагы Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечимин юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага: | К.Төрөшев |