Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
2026-жылдын 09-февралы, № 16/3
Тилектеш айыл аймагынын Биринчи Май айылына бала бакча куруу үчүн мурдагы дыйкан чарбанын эсебинде болуп, бош жаткан жер тилкесин айыл өкмөттүн менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 28-беренесинин 8-пунктунун 30-беренесине ылайык, Тилектеш айыл аймагынын Биринчи Май айылына бала бакча куруу үчүн бош жаткан жер тилкесин айыл өкмөттүн менчигине кабыл алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Зикировдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Биринчи Май айылындагы мурдагы дыйкан чарбанын эсебинде болуп, бош жаткан 2671,2 чарчы метр болгон жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп таанылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |