Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 13-марты, № 17/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт төлөмдөрүнүн тарифин 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө
“Тунук-Булак–таза суу,тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Иманахуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайыт төлөмдөрүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн бюджети жалпы 1207,0 (бир миллион эки жүз жети миң) миң сомго бекитилсин жана жайыт төлөмдөрү ар бир бодо малга 100 (жүз) сомдон, ал эми кой-эчкиге 50 (элүү) сомдон, ошондой эле сырттан келген бодо малга 500 (беш жүз) сомдон, ал эми кой-эчкиге 100 (жүз) сомдон деп бекитилсин.
2. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
3. Малдын жана үй канаттууларынын санын тактоодо айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жайыт боюнча иш жүргүзүүчү адис, айыл башчылар, ветеринардык адистер жана айылдык кенештин депутаттары киргизилсин жана алар ар бир үйгө кирүү менен мал жандыктардын саны так саналсын.
4. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл башчыларга жана ветеринардык адистерге , ошондой эле айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишканага кызматкерге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |