Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/1
“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын, ошондой эле 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамын аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасына ылайык сессияда карап жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагында элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленсин;
2.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын 5 айылында (Кызарт, Жаны-Арык, Базар-Турук, Кызыл-Эмгек жана Куйручук) ресторан, кафе жана башка көңүл ачуучу жайлардын иши түнкү саат 22.00 чейин толук токтотулсун;
3.Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисине, айыл башчыларга жана социалдык кызматкерлерине рейддерди график менен уюштуруу жана элге мындан ары дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жагы милдеттендирилсин;
4.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |