Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 13-марты, № 17/2
Тилектеш айыл аймагынын инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча 2025-жылдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
Айыл аймагынын инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча Тилектеш айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Бакаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңеши VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын ичинде инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча иштердин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Бакаеванын маалыматы сын-сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу, гранттарды жана инвестиция тартуу иштерин күчөтүү боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |