Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 13-марты, № 17/3
Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча соц.кызматкердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Калкты социалдык жактан коргоо боюнча соц.кызматкердин аткарып жаткан иштери боюнча соц.кызматкер К.Жапарованын маалыматын угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери тарабынан калкты социалдык жактан коргоо боюнча айыл өкмөттө бир топ уюштуруучулук бир топ жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин жана анын аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Элди социалдык жактан коргоо, пенсия, жөлөк пулдардын төлөнүшү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иштөө, ардагерлер, майып мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу, айыл аймагында балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, ата-энеси мигрант балдарды тактап, алар тууралуу маалымат базасын түзүп, анын негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу менен калктын социалдык абалын, турмуш денгээлин жакшыртуу боюнча жана жардамга муктаж адамдарды социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүү жагы социалдык кызматкер К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |