Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 13-марты, № 17/4
Тилектеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү програмасынын иш чаралар планына (СЭӨПкө) 2026-жылга карата өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 2026-жылдын 5-мартындагы № 2 протоколуна жана 2026-жылдын 12-мартында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланган жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоорлор сунушталсын.
- Социалдык инфраструктура: Биринчи Май айылына 50(элүү) орундуу бала бакчасын куруу, эгерде каражат ашып калса Арал айылына мини футбол аянтчасын жана ден соолукту чыңдоо борборун куруу;
- Экономикалык багыт: Аюу-Тапан айылына туризмди өнүктүрүү максатында туристтик борборду (муниципалдык туристтик база түзүү жана турпродукт өндүрүү) уюштуруу;
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилет:
3.1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине жөнөтүлсүн.
3.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
3.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Коомдук угууда коомчулук, айыл аймагы жана айылдык кеңеш тарабынан сунуш кылынып, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана АРИСтин коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу бекитилсин.
5. Коомдук угууда сунуш кылынган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы бекитилсин.
6. Токтом Тилектеш айыл өкмөтүнүн http://tilektesh.el.kg/. Расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Мусабаев Кадырбек Арапбаевичке жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |