Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/2
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Айылдын ɵнүгүүсүнɵ салым кошкон тургундардын эмгегин даңазалоо, коомдук иштерге активдүү катышууга дем берүү жана жаштарга үлгү болуучу салтты калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Айыл аймагынын “Ардактуу атуул”наамы жɵнүндɵ ЖОБО бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2.Ушул Жобого ылайык айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселелери айылдык кеңештин сессиясында каралсын;
3.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине айыл өкмөтүнүн аппараты, айылдык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айылдын жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясы кабыл алып, өзгөртөдөн Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, айылдык кеңештин кароосуна киргизет.
1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкерлердин талапкерлиги колдоого алынганы эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарат;
1.6 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы бир жылда 3 адамга чейин гана Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү карата ыйгарылат.
II. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айыл аймагынын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын ɵсүп ɵнүгүшү үчүн,элдин жашоо-шартын жакшыртууда ɵзгɵчɵлɵнгɵн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку жана азыркы депутаттарына, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерге;
2.3 Айыл аймагына инвестицияларды алып келип,чон курулуштарды курган бизнес адамдарына.
III. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйыналыштарда, Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүндө, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3. “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөнкүдөй иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталса болсо:
* Талапкер боюнча ошол айылда жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
* Жыйынга катышуучулар 18 жаштан жогору жашаган айылдын жашоочуларынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
* Коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
* Өздук баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин паспортунун көчүрмөсү;
* Мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б.);
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталса болсо:
* Эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
* Өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
* “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылуучу адамдын айыл аймагына, анын элине сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
* Өздук баракчасы сүрөтү менен;
* Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
* Паспортунун көчүрмөсү.