Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 23-январы № 12/1
Баш-Булак айыл аймагындагы “Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 жобосуна ылайык жана ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Жаш канат” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмү 1500(бир миң беш жүз) сомго бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Н.Бекмуратовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |