Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/3
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Айылдын социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ,коомдук турмушуна кошкон ɵзгɵчɵ салымын,коомдук ишмердүүлүгүн эске алуу менен,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын тургуну Малабеков Маадан Малабековичтин 8.08.2025-жылдагы кайрылуусу канаттандырылсын;
2. Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын тургуну Малабеков Маадан Малабековичке кɵп жылдар бою айылдын ɵнүгүшүнɵ кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ардактуу атуул”наамы ыйгарылсын;
3. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү ушул токтомдун негизинде“Ардактуу атуул”наамы жɵнүндɵ күбɵлүк жана белги даярдап, сыйлык тапшыруу аземин уюштурсун;
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |