Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 23-январы № 12/2
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026–жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы – К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Баш-Булак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026– жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 30325,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026 – жылга штаты жалпы 12 штаттык бирдик менен, келишимдик негизде 6 кызматкер, 9 айыл башчы, кенже тейлөөчү кызматкерлер 4 штаттык бирдик менен бекитилсин.
3. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга атайын каражат боюнча 12032,0 мин сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жуктөлсүн жана 2026 – жылга карата Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
5. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга резервдик фонду 300,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2026-жылдын 1-январына негизги каражаттан калган калдык 4865,0 мин сом, ал эми атайын каражаттан 495,4 мин сом өлчөмүндө бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө бекитилсин.
7. 2026 – жылга карата Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |