Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 23-январы № 12/4
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берүү жөнүндө.
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берүү боюнча Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Кара-Жылга участкасындагы 315а-контурундагы 4,99 га, 345-контурундагы 0,01 га, жалпы 5 га жайыт эсебиндеги жер тилкесине кум-шагыл аралашмасынын жана чопо топурактарын казып алууга жеке ишкерге макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |