Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/4
“Килемче” ɵрɵɵнүнɵн 3 га жер тилкесин жашылдандыруу максатында арендага берүү жɵнүндɵ
Айыл аймагынын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу иштерин ɵнүктүрүү максатында,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылынын тургундары Ш.Суранчиевдин жана С.Жусупакуновдун кайрылуулары канаттандырылсын;
2. Айыл аймагындагы “Килемче” ɵрɵɵнүнɵн 2 га жер тилкеси С.Жусупакуновго, 1 га жер тилкеси Ш.Суранчиевге жашылдандыруу максатында арендага берилсин жана аренда мɵɵнɵтү 3 жылдык мɵɵнɵткɵ белгиленсин;
3. Аренда тɵлɵмүнүн кɵлɵмү, жердин максаттуу пайдаланышы жана башка шарттары мыйзамга ылайык түзүлгɵн аренда келишими менен аныкталсын;
4. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жерди арендага берүү боюнча бардык тиешелүү документтерди даярдоо жана каттоо, жашылдандыруу иштеринин аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы тапшырылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, муниципалдык ишкана менен иш алып баруу, жер, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |