Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 13/2
Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдын үстү жагындагы бир чакырым көчөгө «Турдугулов Борон» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Ачы айылынын тургуну Турдугулов Борондун небереси Боронов Алмаздын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдын үстү жагындагы бир чакырым көчөгө «Турдугулов Борон» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
| А. Бакиров |