Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/5
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы ден-соолукту чыңдоо борборуна Жунусов Жайнактын ысымын ыйгаруу жɵнүндɵ
Жунусов Жайнак 1937-жылы 12-декабрда Жаны-Арык айылында туулган. “Жаңы-Арык” орто мектебин аяктагандан кийин кооперативдик училиңени аяктап 4-разряддагы жыгач устачылык кесипке ээ болуп, айылда устачылык кесибин аркалаган.
1963-1968 жылдары Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Айыл-чарба Институтунун “Агрономия” факультетин бүтүргɵн.
1968-1970-жылдары Кочкор районунун “Сɵң-Кɵл” жана “Теңдик” совхоздорунда башкы агроному;
1970-1972-жылдары Кочкор районунун айыл чарба башкармасынын башчысы;
1972-1980-жылдары Нарын облусунун айыл чарба башкармасынын башчысынын орун басары;
1980-1982-жылдары Суусамыр ɵрɵɵнүндɵгү жаңы түзүлгɵн “Кызыл-Ой”совхозунда директор;
1982-1998-жылдары “Кызарт” совхозунда агроном, управляющий болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы айылдын коомдук иштерине аралашып, 1998-2000-жылдары Жаны-Арык айылында аксакалдар сотунун тɵрагасы болуп иш алып барган.
Айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы ден-соолукту чыңдоо борборуна Жунусов Жайнактын ысымы берилсин жана мындан ары “Жунусов Жайнак атындагы ден-соолукту чыңдоо борбору” болуп аталсын;
2. Ден-соолукту чыңдоо борборуна ысымы жазылган тактасын орнотуу жагы Ж.Жунусовдун үй-бүлɵсүнɵ тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |