Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 13/3
Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жана дресс-коду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Баш-Булак айылдык кеңешинин кадыр-баркын жогорулатуу, депутаттардын жоопкерчилигин бекемдөө жана сессиялардын расмий статусун сактоо максатында, Баш-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 19.1, 19.2, 19.3, 19.4 жана 19.5-пункттарына таянып, Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жана дресс-коду (кийинүү маданияты) жөнүндөгү Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баш-Булак айылдык кеңешинин төрагасына:
1. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүдө депутаттардын сырткы көрүнүшүнүн (дресс-код) ишкердик стилде болушун жана регламенттин 19.5-пунктундагы сүйлөө маданиятынын сакталышын катуу көзөмөлгө алсын;
2. Регламенттин жана Жобонун талаптарын бузган депутаттарга карата протоколго киргизүү менен расмий эскертүү берүү тартибин киргизсин.
3. Регламенттин 19.4-пунктуна ылайык, депутаттык этиканы жана дресс-кодду системалуу түрдө бузган депутаттардын маселесин кароо жана тийиштүү корутунду чыгаруу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ар бир депутатка ушул бекитилген Жобонун көчүрмөсүн кол койдуруу менен таратсын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: |
| А. Бакиров |