Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/6
А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрүнɵ “Автордук класс” наамын ыйгаруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрү мектепке материалдык жардам катары 300 000 (үч жүз миң) сом каражат сарптап бир классты толук жабдып беришкендигин, бул маселе мектептин педогогикалык кеңешинде каралып макулдук берилгендигин эске алып, А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Б.Карымшакованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрү жабдып берген класска “2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрдүн автордук классы” деген наам берилсин;
2.Класстын кире беришине “2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрдүн автордук классы” тактасы илинсин;
3.“2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрдүн автордук классы” тактасын орнотуу жагы А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2015-жылкы бүтүрүүчүлɵрүнɵ тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго жана А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Б.Карымшаковага милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |