Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 13/5
Баш-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кызыл-Ордо айылынын тургуну Мадалиев Тавалдынын баласы Тавалдиев Абдижапардын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешии
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын Ылдыйкы көчөсүнө «Мадалиев Тавалды» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
| А. Бакиров |