КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/7
Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы “Ынтымак” паркынын локалдык сметасына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жумгал райондук ɵнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жасалып жаткан Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы “Ынтымак” паркынын локалдык сметасындагы газон жана сугаруу системасына сарптала турган акча каражатына ашкана жана ажаткана салууга Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы “Ынтымак” паркынын локалдык сметасынын 10-15 позицияларындагы газон жана сугаруу системасына бɵлүнгɵн акча каражаты ашкана жана ажаткана салуу үчүн жылдырууга макулдук берилсин;
2.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |