Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 13/6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатындаБаш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15(он беш) күндүн ичинде күчүнө кирет.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында (Баш-Булак айылдык кеңешинин расмий веб-сайтында) жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү айыл өкмөт башчысы А.З.Балтабаев жүргүзсүн.
Төрага: |
| А. Бакиров |