Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/8
Жумгал райондук мамлекеттик салык кызматынын зоналык коэффициенттерди бекитүү тууралу сунушун кароо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, Жумгал районунун мамлекеттик салык кызматынын 07.07.2025-жылдагы №09-01-1-10-01/470 катынын негизинде Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналык коэффициенттерди (Кз)=1,2 бекитүү боюнча карап чыгып жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы турак эмес имараттар,курулмалар жана жайлар,калктуу конуштагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге зоналык коэффициенттер (Кз)=1,2 болуп бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |