Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-сентябры № 7/10
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылындагы 4-03-08-1001-0715 иденттик коду менен катталган айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигиндеги 1173 кв.м жер участогун “Кыргыз почтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалына мɵɵнɵтсүз пайдаланууга берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын Бейменжан кɵчɵсүнүн 11б дарегиндеги 4-03-08-1001-0715 иденттик коду менен катталган айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигиндеги 1173 кв.м жер участогун “Кыргыз почтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалына мɵɵнɵтсүз пайдаланууга берүү жɵнүндɵ Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Жусуповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын Бейменжан кɵчɵсүнүн 11б дарегиндеги 4-03-08-1001-0715 иденттик коду менен катталган айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигиндеги жалпы аянты 1173 кв.м жер участогу “Кыргыз почтасы” ААКнун Жумгал райондук филиалына мɵɵнɵтсүз пайдаланууга берилсин;
2.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |