Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 8/1
Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча IV Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “IV Элдик Курултайды ɵткɵрүү жɵнүндɵ” ПЖ №270 Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-23-декабрында ɵтүүлүүчү Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегатын шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жɵнүндɵ Жобого ылайык уюштуруу жɵнүндɵ маселени карап, айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлɵрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча ɵкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн;
2.Ɵкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Куйручук-Кызарт айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бɵлүнсүн;
3.Коомдоштуктун жыйындарын ɵткɵрүү боюнча уюштуруу комитетинин календарлык планында аныкталган мɵɵнɵткɵ ылайык, жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын ɵткɵрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын ɵкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4.Ɵкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды ɵткɵрүүгɵ жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;
5.Коомдоштуктун жыйынын жана ɵкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана ɵткɵрүү боюнча 11 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;
6.Куйручук-Кызарт айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча ɵкүлчүлүктүү жыйынды ɵткɵрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин;
7. Бул токтомдун аткарылышын ɵзүмɵ калтырам.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |