Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 8/2
Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна жана Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорду бекитүү жана ɵздүк салымын бɵлүп берүүнү кароо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна “Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына экскаватор атайын техникасын сатып алуу” жана “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына жол тегиздɵɵчү (автогрейдер) атайын техникасын сатып алуу” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;
2. Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна “Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу (мусоровоз) атайын техникасын сатып алуу” жана “Бетон аралашмасын даярдоочу (автобетонносместитель)атайын техникасын сатып алуу” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;
3.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна жана Жумгал райондук ɵнүктүрүү фондуна сунушталган тɵмɵндɵгү долбоорлордун ɵздүк салымы айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын үнɵмдɵлгɵн акча каражатынан бɵлүнүп берилсин:
1) Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына экскаватор атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 90740 сом;
2) Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу (мусоровоз) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 35573,5 сом;
3) Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына жол тегиздɵɵчү унаа (автогрейдер) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 74555 сом;
4) Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн алдындагы “Сɵң-Кɵл” муниципалдык ишканасына бетон аралашмасын даярдоочу (автобетонносместитель) атайын техникасын сатып алуу” долбоору үчүн 31846,25 сом;
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |