Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 8/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинен акча каражатын беренелерге жылдыруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Орозбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши,токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинин Билим берүү тармагынын 2211 беренеси боюнча бɵлүнгɵн акча каражатынын ичинен, 60910 сом акча каражаты билим берүү тармагынын 2222 беренесине жылдырылсын;
2.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн атайын каражатындагы (спец.счет) 2215 беренесиндеги акча каражатынан 46650 сом акча каражаты 2222 беренесине жылдырылсын;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |