Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 8/6
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайын брондоо тартиби жɵнүндɵ жобону бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жɵнүндɵ” токтому менен бекитилген жобого ылайык Куйручук-Кызарт айыл аймагынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайларын брондоо иштерин жүргүзүү боюнча Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповдун сунушун карап жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайларын брондоо тартиби жɵнүндɵ сунушталган жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жɵнүндɵ” токтому менен бекитилген жобого ылайык Куйручук-Кызарт айыл аймагынын кɵрүстɵндɵрүндɵ кɵмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
– санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
– көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
– кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкынмеханизмин түзүү.
3. Укуктук негизи:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
– башка ченемдик укуктук актылар.
4. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) – арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылуучу көмүү жайларын резервдөө. Брондоо укугу – нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык.
брондоо келишими – арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;
көмүү жайларынын реестри – көмүү үчүн көрүстөн боюнча бош жана ээленген жайларды эсепке алуунун маалыматтык системасы.
5. Көмүү жайларын брондоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
– санитардык жана экологиялык талаптарды;
– шаар куруу талаптарын;
– диний, этностук жана маданий салттарды.