Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-октябрындагы № 8/7
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка жана Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондунасунушталган долбоорлорду бекитүү жана ɵздүк салымын бɵлүп берүүнү кароо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка “Кызарт айылындагы “Чет-Булак-Шорго” автоунаа жолунун жээгине түнкү шам чырактарды орнотуу” жана “Куйручук айылынын ички жолдорунун жээгине күндɵн энергия алуучу түнкү шам чырактарды орнотуу” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;
2.Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна “Базар-Турук айылындагы “Жаны-Арык” каналын бетондоо” жана “Куйручук айылындагы “Чолок” каналын бетондоо” долбоорлорунун иш кагаздары даярдалып сунушталсын;
3.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка жана Нарын облустук “Теңир-Тоо” ɵнүктүрүү фондуна сунушталган тɵмɵндɵгү долбоорлордун ɵздүк салымы айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын үнɵмдɵлгɵн акча каражатынан тɵмɵндɵгүдɵй бɵлүнүп берилсин:
1) Кызарт айылындагы “Чет-Булак-Шорго” автоунаа жолунун жээгине күндɵн энергия алуучу түнкү шам чырактарды орнотуу долбоору үчүн- 747056 сом;
2) Куйручук айылынын ички жолдорунун жээгине күндɵн энергия алуучу түнкү шам чырактарды орнотуу долбоору үчүн - 496506 сом;
3) Базар-Турук айылындагы “Жаны-Арык” каналын бетондоо долбоору үчүн – 154396,49 сом;
4) Куйручук айылындагы “Чолок” каналын бетондоо долбоору үчүн – 122788,08 сом;
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |