Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 17-декабрындагы № 9/1
Айыл-чарба багытындагы жер салыгына мораторий жарыялангандыктан жана транспорт салыгынын компенсациясы үчүн республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1436000 сом акча каражатын тармактарга бөлүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл-чарба багытындагы жер салыгына мароторий жарыялангандыктан жана транспорт салыгынын компенсациясы үчүн республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1436000 сом акча каражатын тармактарга бөлүү боюнча, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу И.Орозбаеванын билдирүүсүн жана маалыматын угуп, айылдык кеңештин бюджет комитетинин сунушун талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши токтом кылат:
1.Айыл-чарба багытындагы жер салыгына мораторий жарыялангандыктан жана транспорт салыгынын компенсациясы үчүн республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1436000 сом акча каражаты тɵмɵндɵгүдɵй тармактарга бөлүнсүн;
1) Айыл аймагында коюлган камераларга интернет кабелдерин тартуу үчүн-141330 сом;
2) Жарыктандыруу боюнча долбоорду түзгɵн сметчиктин акысы үчүн-82905 сом;
3) Чолок,Жаңы-Арык каналдары боюнча долбоорлорду түзгɵн сметчиктин акысы үчүн-277105 сом;
4) Жаңы-Арык айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтунун технадзорунун акысы үчүн-28398 сом;
5) Базар-Турук айылындагы YДТнын имаратынын капиталдык ремонтунун технадзорунун акысы үчүн-31062 сом;
6) Айыл аймагындагы “Дɵɵлɵт”, “Жаңы-Арык” каналдарынын технадзордун акысы үчүн-264066 сом;
7) Соц.объектилердин ɵрт коопсуздугунун кемчиликтерин жоюуга-216000 сом;
8) Ɵзгɵчɵ кырдаалдарды алдын алууга-82700 сом;
9) Айыл аймагындагы кеңейтилген кɵчɵлɵрдүн жээгин ирээтке келтирүүгɵ-150000 сом;
10)Мектеп, бала бакчаларды жашылдандырууга жана кɵрктɵндүрүүгɵ-162434 сом.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |