Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 17-декабрындагы № 9/3
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кырчын калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 6,12 беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кырчын калктуу конушунда жашаган кожолуктун саны кɵбɵйгɵндүгүнɵ жана айыл ɵкмɵтүнүн борборунан алыс жайгашкандыгын эске алуу менен айылдын социалдык маселелерин чечүү учур талабы болгондуктан Кырчын калктуу конушуна айыл статусу берилсин;
2.Статус алуу үчүн тиешелүү иш казаздарын даярдоо жагы Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, муниципалдык ишкана менен иш алып баруу, жер, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |