Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 17-декабрындагы № 9/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы ирригациялык объектилерди Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын айыл аймагындагы ирригациялык объектилерди (каналдар, БСРлер) Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына ɵткɵрүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы жайгашкан тɵмɵндɵгү ирригациялык объектилер (каналдар, БСРлер) Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына ɵткɵрүлүп берилсин:
Кызарт, Жаны-Арык, Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдары боюнча:
1) Кɵк-Жар каналы
2) Шыбак каналы
3) Калыгулов Каныбек каналы
4) Молдо Арык каналы
5) Сары-Талаа каналы
6) Балыкты БСРи
7) Сары-Булак БСРи
8) Чет-Булак БСРи
Куйручук айылы боюнча:
1) Чолок каналы
2) Канжыга каналы
3) Теке Арык каналы
4) Баатай каналы
5) Дɵɵлɵт-Арык каналы
6) Кара-Суу каналы
7) Кайырма каналы
8) Алтын-Арык БСРи
2.Айыл аймагындагы бардык ирригациялык объектилерди Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына ɵткɵрүп берүү жана токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Жусуповго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |