Загрузка документа…
Тиркеме 14
(Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)
КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ ӨНӨР ЖАЙЫНДАГЫ УЮШУЛБАГАН БУЛАКТАРДАН ЧЫККАН ЭМИССИЯЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ
Бул метод курулуш материал өнөр жай ишканаларынын уюштурулбаган булактарынан атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын эсептөө үчүн арналган. Ал чаңдуу материалдарды сактоочу жайлардан, аларды өткөрүү пункттарынан, кампадагы кайра жүктөө операцияларында, чуңкурларды жана скважиналарды бургулоодо, жардыруу, жүктөө жана түшүрүү иштерин жүргүзүүдө атмосферага зыяндуу заттардын чыгуу кубаттуулугун (г/с, т/жыл) эсептөөгө мүмкүндүк берет.
Аталган натыйжалар таркалган булактардан чыккан булгануучу заттардын чыгуу кубаттуулугун (г/с, т/жыл) эсепке алынышын жана нормасын жүргүзүүдө, ошондой эле колдонулган жабдуулардын экологиялык мүнөздөмөлөрүн аныктоодо эксперттик баалоолордо колдонулушу мүмкүн.
Терминдер | Аныктамалар |
Абанын булганышы | Атмосфералык абага мамлекет тарабынан белгиленген гигиеналык жана экологиялык нормалардан ашкан концентрацияда зыяндуу заттардын кириши. |
Зыяндуу (булгануучу) зат | Атмосферада кездешкен, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс таасир берген кошулма. |
Уюшулбаган зыяндуу заттардын булагы (таркалган булак) | Зыяндуу заттар түз эле атмосферага чыгып жаткан, вентиляция системасы жок же терезе, эшик аркылуу бөлмөдөн чыгуучу булак. |
Зыяндуу заттын конкреттүү бөлүнүшү | Технологиялык процессте бөлүнгөн зыяндуу заттын массасынын материалдык көрсөткүчкө карата эсептелген өлчөмү. |
Зыяндуу заттын жалпы бөлүнүшү | Бул процессти муноздогон материалдык корсоткучтун бирдигине ыйгарылган, эсептоо-аспаптык ыкма менен аныкталган технологиялык процесстин журушундо болунуп чыккан зыяндуу заттын саны. |
Зыяндуу заттын менчик бөлүнүүсү | Технологиялык процесс учурунда бөлүнүп чыккан зыяндуу заттын массасынын эсептик-аспаптык ыкма менен аныкталган өлчөмү, ал процессти мүнөздөөгө колдонулган материалдык көрсөткүчтүн бирдигине карата эсептелет. |
Зыяндуу заттын жалпы бөлүнүүсү
| Бөлүнүү булагынан чыккан зыяндуу заттын массасынын өлчөмү белгилүү (отчеттук) убакыт мезгили үчүн. |
Зыяндуу заттын удельдүү (менчик) бөлүнүшү | Менчик (удельдүү) бөлүнүүнүн атмосферага түшкөн бөлүгү — бул бөлүнүүнүн жалпы көлөмүнөн кармалып жана зыянсыздандырылган бөлүгүн алып салуу менен аныкталат. |
Жалпы зыяндуу заттын бөлүнүүсү | Отчеттук убакыт мезгилинде атмосферага түшкөн зыяндуу заттын жалпы бөлүнүүсүнүн бир бөлүгү — бул булактан чыккан жалпы зыяндуу заттын массасынан кармалып калган (уловленный) жана зыянсыздандырылган бөлүгүн алып салуу жолу менен аныкталат. |
2.1 Методикада аба бассейнинин булгануусуна алып келген төмөнкү булактардан чыккан бөлүнүүлөрдү (эмиссияларды) эсептөөгө формулалар берилген:
- чаң төгүлгөн материалдарды төгүү;
- кампалар, калдыктар сактоочу жайлар;
- казуу иштер;
- жардыруу иштер.
2.2. Тизмедеги булактардан чыккан негизги зыяндуу заттар — катуу бөлүкчөлөр болуп саналат. Жардыруу иштеринде ошондой эле көмүртек оксиди жана азот оксиддери (азот диоксиди эквивалентине эсептелген) болот.
2.3 Уюштурулбаган булактардан чыккан бөлүнүүлөрдү аныктоодо булгануучу заттардын жалпы (удельдүү) көрсөткүчтөрүн колдонгон эсептик ыкмалар пайдаланылат.
Чаң пайда кылган интенсивдүү уюшулбаган булактарга төмөнкүлөр кирет: материалдарды төгүү, материалдарды ачык вагондорго жана жарымвагонго жүктөө, материалды грейфер менен бункерге жүктөө, материалды ачык агым менен кампага төгүү ж.б. Бул булактардан чыккан чаңдын көлөмүн (1)-формула менен эсептөө мүмкүн:
Мгр=К1·К2·К3·К4 К5·К7·K8·K9·В·Gч·106/3600, г/с (1)
ал эми жалпы эмиссиялар (2)-формуласы аркылуу:
Пгр= К1·К2·К3·К4·К5·К7·К8·К9·В·Gгод, т/год (2)
мында К1 — материалдагы чаңдык фракциянын салмактык үлүшү (1-таблица). Ал орточо үлгүнү жууп, 0дөн 200 мкмге чейинки чаң фракциясын айкалыштырып, сүзүп алуу жолу менен аныкталат;
К2 – материалдагы чаңдын аэрозолго өтүүчү бөлүгү (жалпы салмактык чаңдын ичинен) — К2 (1-таблицада көрсөтүлгөн). К2нин так маанисин аныктоо жана чаңдын чыныгы дисперстик курамын текшерүү үчүн чаңдуу объекттин (кампа, калдыктар сактоочу жай) чек арасында, шамалдын ылдамдыгы 2 м/с болгон учурда жана үлгү (проба) алуу чекитине багытталган абалда, чаңдуу абанын үлгүсү алынат;
К3 - жергиликтүү метеошарттарды эске алган коэффициент (2-таблица);
К4 – жергиликтүү шарттарды, түйүндүн сырткы таасирлерден корголуу даражасын жана чаң пайда болуу шарттарын эске алган коэффициент (3-таблица);
К5 – материалдын нымдуулугун эске алган коэффициент 4-таблицадагы маалыматтарга ылайык аныкталат. Бул жерде материалдын нымдуулугу деп анын чаңдуу жана майда дандуу фракцияларынын (d ≤ 1 мм) нымдуулугу түшүндүрүлөт;
К7 – материалдын чоңдугун эске алган коэффициент 5-таблицага ылайык кабыл алынат;
K8 – грейфердин түрүнө жараша ар кандай материалдар үчүн колдонулуучу түзөтүү коэффициенти (6-таблица), эгер башка түрдөгү жүктөө жабдуулары колдонулса K8= 1;
К9 – автосамосвал менен бир учурда чоң көлөмдө материалды төгүү учурунда колдонулуучу түзөтүү коэффициенти. Материалдын салмагы 10 тоннага чейин болгондо 0,2, 10 тоннанын жогору болгондо — 0,1 деп кабыл алынат. Калган бардык башка уюшулбаган булактар үчүн К9 коэффициенти 1ге барабар деп алынат;
В - төгүү бийиктигин эске алган коэффициент 7-таблицадагы маалыматтарга ылайык кабыл алынат;
Gч – саатына кайра иштетилүүчү материалдын жалпы көлөмү, т/саат. Бул көрсөткүчтү ишкананын башкы технологу аныктайт.
Gгод – жыл ичинде кайра иштетилүүчү материалдын жалпы көлөмү, т/жыл. Бул көрсөткүч ишкананын башкы технологу тарабынан чыныгы кайра иштетилген же жылдык план боюнча аныкталат.
Эскертүү:
Бул эсептөөлөрдө булгануучу заттардын (БУ) жер бетиндеги концентрацияларын аныктоо үчүн атмосферага чыккан булгануучу заттардын күчү М (г/с) 20 мүнөттүк интервалга ылайыкташтырылып колдонулушу керек.
Бул талап булактардан чыккан булгануучу заттардын (БУ) эмиссиясына тиешелүү, эмиссиянын узактыгы Т (секунд), 20 мүнөттөн аз болгондо (Т <1200 с). Мындай эмиссиялар үчүн эмиссиянын күчү М (г/с) төмөнкүдөй аныкталат:
M = Q/1200, г/с (3)
мында Q - атмосферанын булгануу булагынан белгиленген убакыт (T) ичинде атмосферага чыгарылган булгануучу заттардын жалпы массасы.