Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы N 158 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция аталган жолду долбоорлоо жана куруу менен байланышкан ишти уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун келип чыккан маселелерин чечүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, эмблемасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик дирекциянын уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө жана техникалык көзөмөлгө кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш продукциясынын наркын аныктоо методикасына ылайык, мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик муктаждыктары боюнча негизги капиталга келип түшкөн инвестициялардын көлөмүнөн (сметалык наркынан) 2,9 пайызга чейинки өлчөмдөгү чыгымдардын ченемдеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик дирекциянын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Государственная дирекция по строительству автомобильной дороги Барскоон-Бедел" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ББМД";
- расмий тилде: "ГДББ".
6. Мамлекеттик дирекция Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин стратегиялык инфраструктуралык мааниге ээ долбоорлордун алкагында административдик функцияларды жана башка тапшырмаларын аткара алат.
7. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан жери: Бишкек шаары, Н.Исанов көчөсү, 42.
2-глава. Негизги милдеттери
8. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- долбоорду ишке ашырууну башкаруу жана жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу, ошондой эле келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү жана долбоорду ишке ашыруунун бардык стадияларында жана объектти пайдаланууга берүүдө тоскоолдуктарды жоюу максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
- долбоорду ишке ашырууда техникалык көзөмөлдү уюштуруу жана контролду жүзөгө ашыруу, бекитилген долбоордук документтерге ылайык көз карандысыз инженердик уюмду, анын ичинде эл аралык эксперттерди тартуу менен, курулуш учурунда объекттердин сапаты, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү боюнча мамлекеттик жана эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу;
- бекитилген долбоордук-сметалык документтердин, контракттык документтердин, колдонуудагы стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын камсыз кылуу боюнча уюштуруу жана контролдоо;
- подрядчылардын жана консультанттардын объектти куруунун уюштуруу-укуктук тартибин сактоо жана аларды кабыл алуу маселелери боюнча ишине туруктуу контролду жүзөгө ашыруу жана координациялоо.
3-глава. Мамлекеттик дирекциянын функциялары
9. Мамлекеттик дирекция жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Барскоон-Бедел автомобиль жолун долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу боюнча заказчынын функцияларын аткаруу;
- долбоорлордун ишке ашырылышына, түзүлгөн келишимдердин аткарылышына, финансылык жана башка ресурстардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу, анын ичинде подрядчиктердин, консультанттардын жана берүүчүлөрдүн иштерди аткаруусунун сапатын жана жүрүшүн контролдоо, долбоордук чечимдерди баалоо, ошондой эле макулдашуулардын жана кол коюлган келишимдердин мазмунунан келип чыккан бардык башка функцияларды аткаруу;
- Барскоон-Бедел автомобиль жолунун курулушунун мөөнөттөрүн жана сапатын долбоордук-сметалык документтерге ылайык, техникалык регламенттердин жана курулуштагы сейсмикалык ченемдердин талаптарын сактоо менен камсыз кылуу, жумушчу чиймелер, иштин көлөмү өзгөргөн учурда тиешелүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүүнү уюштуруу жана башкарууну камсыз кылуу;
- долбоордун финансылык операцияларын жүргүзүүнү контролдоо, анын ичинде бюджетти түзүү жана пландоо, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, ички контролдоо жол-жоболору, тышкы аудит, ошондой эле долбоорлорго аудит жүргүзүү жана финансылык отчетторду даярдоо сыяктуу отчеттуулук;
- долбоорлордун коргоо чараларынын аспектилерин башкаруу жана долбоордун алкагында социалдык-экологиялык чөйрөнү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу маселелерине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле коргоо чаралары боюнча документтерди даярдоо жана эл аралык финансы институттарынын социалдык-экологиялык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү;
- макулдашуулардын жана кол коюлган контракттардын, сунуштардын, кызыгуусун билдирүүлөрдүн, баа котировкаларынын резюмелеринин негизинде аткарылган иштерди кабыл алуу жана төлөө боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди аткаруу жана тиешелүү тендердик комиссиялардын кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү баалоо отчетторун даярдоо;
- илимий-изилдөө, долбоордук-техникалык, технологиялык жана изилдөө долбоорлоруна катышуу;
- жол боюндагы сервисти, мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүн, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн эс алуу аянтчаларын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, техникалык тейлөө жана автомобилдерди оңдоо пункттарын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.