Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-апрели №5/1
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдарына жаңы почта байланыш бөлүмүнүн чакан имаратын салууга муниципалдык менчикте турган жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10 жана 19-беренелери жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-апрелиндеги №01-20/70, 2025-жылдын 14-апрелиндеги №01-20/75, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалынын 2025-жылдын 20-январындагы №2/1 сандуу каттарын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 14-апрелиндеги №2 корутундусу жактырылсын.
2. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдарына жаңы почта байланыш бөлүмүнүн чакан имаратынсалууга төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчиктен, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
- Ы.Моңкоев көчөсү №19-а даректеги 4051210010269 коду менен турган эски тери цехтин күн чыгыш тарабында өзүнчө бөлүктө турган узуну 25 метр, туурасы 12 метрди түзгөн 300 (үч жүз) чарчы метр жер тилкеси.
- Байбагыш уулу Атыгул көчөсү №25 даректеги 4051210020133 коду менен турган эски кампанын аянтынан 300 (үч жүз) чарчы метр жер тилкеси.
3. ААК «Кыргыз почтасы» Жерге-Тал көчөсү №96 даректеги 405121001047101 коду менен турган имаратынын аянты аз болуп, ордуна айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган жерден бергендигине байланыштуу 405121001047101 коду менен турган имарат жана ага тиешелүү жери менен айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алуу чаралары көрүлсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы.Бакаев |