Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/1
Эсеналы Дайракунов айыл аймагында көчүү-конуу, корук жана мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Казан-Куйган, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдарынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын 21.03.2025-жылдагы №4, Кызыл-Жыдыз айылынын 02.04.2025-жылдагы №3, Жерге-Тал айылынын 09.04.2025-жылдагы №5 жана Казан-Куйган айылынын 11.04.2025-жылдагы №6 протоколдору жактырылсын.
2. Мал багуунун тарифи 1 айга төмөндөгүдөй белгиленсин;
Майда жандык кой, эчки;
- 1 башка 80 сом, жылдын 1-декабрынын тартып кыштоого мал багуу 100 сом (жайыт акы жана тузу сыртында).
Бодо малга;
- Уй 1 башка 400 сом, бука 1 башка 500 сом жана эркек тай багуу 500 сом өлчөмүндө белгиленсин (жайыт акы жана тузу сыртында).
3. Мал баккан чабандар мал-жандыктарын жаздоого көчүп чыгаруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин, жайлоого көчүп чыгуусу 1-июндан 10-июнга чейин, Ак-Сайга көчүү 10-июндан 15-июнга чейин ал эми күзүндө жайлоодон мал-жандыгы менен көчүп келүү мөөнөтү 1-октябрга белгиленсин.
4. Жалпы кой, эчки алган чабандар Ак-Сай жайлоосуна 1500 башка чейин, ал эми ортоңку жайыттарга 800 башка чейин алуусу Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жайыт белетин алууда белгиленсин.
5. Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар дайындалып, Эсеналы Дайракунов айыл аймагында 2025-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейин корук деп белгиленсин.
- Майда жандык 1 башка 20 сом.
- Бодо малга 1 башка 200 сом, ал эми кайталанып түшсө 300 сом деп бекитилсин.
-
Эскертүү: Көрукка түшкөн малга жаз мезгилинде төлүнө алынбайт, күз мезгилинде төлүнө алынат.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы.Бакаев |