Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/2
Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы жазгы айдап себүү, оруп-жыйноо жана чөп чабуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Казан-Куйган, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдарынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын 21.03.2025-жылдагы №4, Кызыл-Жыдыз айылынын 02.04.2025-жылдагы №3, Жерге-Тал айылынын 09.04.2025-жылдагы №5 жана Казан-Куйган айылынын 11.04.2025-жылдагы №6 протоколдору жактырылсын.
2.Эсеналы Дайракунов айыл аймагында жазгы айдап себүү, оруп-жыйноо жана чөп чабуунун тарифтери төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Талаа жери:
- Аңыз жерди айдоо 1га –2000 сом, 25 литр күйүүчү май.
- Дың жерди айдоо 1га – 3000 сом, 30 литр күйүүчү май.
- Айдоо жерди тырмоо 1га – 800 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Чөп өскөн жерди тырмоо 1га – 500 сом, 8 литр күйүүчү май.
- Сеялка менен себүү 1га – 1000 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Шакап тартуу 1га – 200 сом, 3 литр күйүүчү май.
- Чөп чабуу (ЕШКА)1га – 1200 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Косилка 1га - 1500 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Чөп тырмоо (Грабил) 1га – 500 сом, 7 литр күйүүчү май.
- Чөп престөө 1га – ар бир боого 10 сом, 10 литр күйүүчү май.
- Эгин чабуу 1га – күйүүчү майы ичинде 3500 сом.
Огород:
- Огород айдоо – 300 сом 5 литр күйүүчү май.
- Тырмоо – 200 сом, 5 литр күйүүчү май.
- Чөп чабуу – 500 сом, 5 литр күйүүчү май.
- Чөп тырмоо (Грабил) - 300 сом, 2 литр күйүүчү май
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы.Бакаев |