Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/4
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын калкы үчүн үчүүчү таза сууну керектөөнүн нормаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» №320 токтому жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги №17 сандуу жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү программасы жана санитария үчүн суу менен жабдууну борборлоштурулган тутумуна туташтырылган канализациясы жок ичүүчү таза суунун нормалары төмөндөгүдөй бекитилсин;
№ | Суу пайдалануучулардын түрлөрү | Суткалык норма 1 жанга (литр) |
1 | Үйдүн, короонун ичине кирген суу | 60 л |
2 | Сырттагы колонкадан алып ичкендерге | 35 л |
3 | Мектеп жана бала бакча | 25 л |
4 | ГСВ, ФАП | 25 л |
5 | Мончо | 80 л |
6 | Боркана (бодо мал) | 90 л |
7 | Майда жандык | 40 л |
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Бакаев |