Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/5
Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы Казан-Куйган айылдык китепканасына Кудайбергенова Майрамкүлдүн ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренеси жана Казан-Куйган айылдык китепканасында көп жыл талыкпай эмгектенип, эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн Кудайбергенова Майрамкүлдүн ысымын, Казан-Куйган айылдык китепканасына ысымын ыйгаруу боюнча Казан-Куйган айылынын тургундарынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги №1 протоколунун негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айылынын жалпы элдик чогулушунун 2025-жылдын 11-апрелиндеги №1 протоколу жактырылсын.
2. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Казан-Куйган айылындагы китепканага Кудайбергенова Майрамкүлдүн ысымы ыйгарылсын.
3. Кудайбергенова Майрамкүл атындагы китепканасына ар жыл сайын 15 (он беш) заманбап окуу китептерди демөөрчүлүк менен алып берүү жагы М.Кудайбергенованын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Дөмөөрчүлүк тарабынан берилген окуу китептерди Нарын райондук Эсенгул Ибраев атындагы борбордук китепканасынан каттоодон өткөрүп, Кудайбергенова Майрамкүл атындагы китепканасына кириштеп, отчеттук маалыматын берүү жагы китепкана башчысына милдеттендирилсин.
5. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы бул токтомду аткарууга алсын жана иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Бакаев |