Загрузка документа…
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/6
“Таза Жерге-Тал” муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоого келген техникалардын кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын балансындагы спецтехникалардын кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндөгү 2025-жылдын 17-апрелиндеги №5 сандуу кайрылуу катынын карап жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын балансындагы спецтехникалардын кызмат көрсөтүү наркы төмөндөгүдөй бекитилсин;
№ | Техниканын аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Наркы |
1 | HOWO, Фронталдык погрузчик | КР Президентинин 109 жана 56 Жарлыктарына ылайык бузуу иштери | 2500 сом (1 рейс) |
2 | HOWO, Фронталдык погрузчик | Башка максаттар боюнча кызмат көрсөтүү айыл аймак ичинде | 3000 сом (1 рейс) |
3 | HOWO | Нарын шаарынан айыл аймака кызмат көрсөтүү (инерттик материалдарды жана башка кызмат көрсөтүүлөр) | 8000 сом (1 рейс) |
2. Көрсөтүлүүчү кызматтардын наркы жөнүндө элге маалымат берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Бакаев |